БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы стадиондо Жайыл районуна караган бир нече мектептин 7 жана 8-класстын окуучулары мушташты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлады.
13-февраль күнү саат 17:21де милицияга өспүрүмдөрдүн мушташы тууралуу билдирүү түшкөн. Ошол эле күнү аймактык ооруканага жаракат алган 14 жаштагы бала түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Мушташка канча бала катышканы азырынча так айтыла элек.
Кийин милициядан ооруканага түшкөн окуучу сөз болуп жаткан окуя учурунда жабыркаганын тастыктады. Анын апасы белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.
Милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат.