Өлкөдөгү бардык имараттардын энергиялык натыйжалуулугун текшерген көз карандысыз адистер бир жагынан "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" мыйзамды ишке ашырууга, экинчи жагынан кесипкөй техникалык жардамга муктаж болгон имарат ээлерине көмөк көрсөтөт. Бул Кыргызстандын курулуш тармагынын тарыхындагы абдан маанилүү кадам. Мындай пикирин Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, энергоаудит жүргүзүү имараттын энергиялык натыйжалуулугун так билүүгө жардам берет.
"Кыргызстандагы имарат, үйлөрдүн энергиялык натыйжалуулугу төмөн. Үйдөгү жылуулуктун жарымы сыртка кетет. Себеби туура эмес жылууланган же жылытуу, вентиляция системасы талапка жооп бербейт. Башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырсак энергияны төрт эсе көп сарптайбыз. 2009-жылдан бери Мамлекеттик курулуш агенттиги жана "Юнисон Групп" фонду кызматташып келет. 2011-жылы кабыл алынган "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" мыйзамын биргеликте жазганбыз. 2013-жылы Европа биримдиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы "жашыл" инвестиция каражаттарын энергиялык натыйжалуулукка сарптоо жана айлана-чөйрөнү сактоого стимул берүү үчүн күчүн бириктирген. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы насыялык куржуну 55 миллион АКШ долларын түзгөн KyrSEFF программасын ишке киргизди. Анын негизинде өлкөдөгү 3300дөн ашык турак жай, мекемелер жылууланып, энергоэффективдүүлүгүн жогорулатты. Азыр аккредитациядан өткөн адистер курулуп жаткан же курулган имараттарга энергоаудит жүргүзүүсү курулуш сектору үчүн абдан жакшы жаңылык. Бул адамдарга имараттын энергиялык натыйжалуулугун билүүгө жардам берет. Мындай жайлар кыймылсыз мүлк рыногунда артыкчылыкка ээ болот жана энергияны керектөөнү кыскартууга шарт түзөт", — деди Абдырасулова.
Ал энергоаудит бизнеске жана жашыл технологиялар рыногун өнүктүрүүгө, ошондой эле экономика менен экологияга оң таасирин тийгизерин кошумчалады.