COVID күнүгө 3-4 адамдын өмүрүн алууда. Өлкөдөгү абалга түшүндүрмө

Адис коронавируска кабылгандар кандай учурда ооруканадан көз жумуп калып жаткандыгын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова Sputnik Кыргызстанга COVID жуктургандар азайганы менен андан өлгөндөрдүн саны эмне үчүн кемибей жатканын түшүндүрдү.
Кыргызстанда январь айына салыштырганда коронавирус жуктургандар суткасына 100 же андан азыраак катталууда. Бирок ага карабастан аталган оорудан каза тапкандардын саны күнүнө 3-4төн кемибей жатат.
Жусупбекова өлүм коронавирусту коштогон илдеттер менен ооруканада жаткандардын арасында катталып жаткандыгын билдирди. Аларда кант диабети, гипертония, жүрөк-кан тамыр оорулары болушу мүмкүн. Мындан сырткары, коронавирус боюнча статистикага аталган оорудан каза тапкан улгайган адамдар да кирип жатат.
Адис кыргызстандыктардын көбү коронавируска каршы вакцинаны алгысы келбей жатканы да өлүмдүн себептеринин бири болууда деп эсептейт. Ошондой эле бейтаптар өз алдынча үйдө дарылана берип, илдет өтүшүп кеткенден кийин гана ооруканага келген учурлар бар экендигин айтты.
COVID-19га кабылгандар эмнеге көпкө айыкпай жатат? Адистин түшүндүрмөсү