Brent мунайынын баасы соңку 7 жылда алгачкы ирет 96 доллардан ашты

"Газпром нефть" ишканасынын жетекчиси мунайдын өтө кымбатташынын да кесепети болорун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 2014-жылдын 1-октябрынан бери биринчи жолу баррелине 96 доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бишкек убактысы боюнча саат 01:06га карата апрель фьючерстеринин баасы болжол менен 0,9 пайызга өсүп, баррелине 96,02 долларды түзгөн. Ал эми WTI үчүн март айындагы фьючерстер 1,8 пайызга өсүп, баррелине 94,82 доллар болгон.
Буга чейин "Газпром нефть" ишканасынын жетекчиси Александр Дюков дүйнөлүк рыноктогу мунайдын абалы боюнча оюн билдирген. Анын айтымында, мунайдын баррелине 90 доллар болушу — кризиске чейинки көрсөткүч.
"Буга рынок жана саясий факторлор таасир этет. Мындай абал өндүрүүчүлөрдү кубантпай койбосо керек. Бирок долбоорлорду өнүктүрүүгө туруктуу инвестиция салуу үчүн кара алтын рыногунун туруктуулугу дагы маанилүү. Бизге узак мөөнөттүү туруктуулук жана төмөн өзгөрүлмөлүүлүк керек", — деген Дюков.
Ал кошумчалагандай, баанын өтө жогору болуп кетиши кийин кайра нарктын кескин төмөндөшүнө алып келет, бул инвестициялык чечимдерге таасир этиши ыктымал.
Bloomberg: мунай экспорттогон Кувейт жашоого жараксыз аймакка айланып баратат