Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Тизме

Сууну өчүрүүгө "Таксомоторный" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери себеп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 15-февралда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек суу каналы" мекемесинен билдирди.
Маалыматка караганда, суу саат 9:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда болбойт:
"Золотой дракон" рестораны (Элебесов көчөсү, №60);
"Золотой дракон" мейманканасы (Медеров көчөсү, №48Б);
Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (Жукеев-Пудовкин көчөсү, №41А);
таксомотордук база (Медеров көчөсү, №44);
Жукеев-Пудовкин 44/1 дарегиндеги административдик имарат.
Сууну өчүрүүгө "Таксомоторный" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери себеп болууда.
Бишкекте эскирген нан ташталчу челектер коюлуп жатат. Сүрөт