Бишкектин түндүк айланма жолунун схемасы жарыяланды

Жолдун узундугу 34 чакырымга жетет. Тротуарларды, жер алды менен өтүүчү өтмөктөрдү куруу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунун долбоорун презентациялады. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Жолдун узундугу 34 чакырымды түзөт. Учурда трасса эки тилкелүү.
1 / 4

Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунун долбоорун презентациялады

2 / 4

Жолдун узундугу 34 чакырымды түзөт. Учурда трасса эки тилкелүү

3 / 4

"Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Таалайбек Ашымбеков Sputnik агенттигине билдиргендей, жол кеңейтилет

4 / 4

Анын айтымында, жолду реконструкциялоо үчүн азырынча инвестор табыла элек

"Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Таалайбек Ашымбеков Sputnik агенттигине билдиргендей, жол кеңейтилет.
"Негизги бөлүк төрт тилкелүү болуп, ортосу темир бетон менен бөлүнүп турмакчы. "Дордойдун" аймагына жана башка машина көп жүргөн жерлерге кошумча тилкелер каралган. Ошондой эле тротуарларды, жер алды менен өтүүчү өтмөктөрдү куруу пландалууда", — деди Ашымбеков.
Анын айтымында, жолду реконструкциялоо үчүн азырынча инвестор табыла элек.
Презентациядан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууну, анын ичинде жеке-мамлекеттик өнөктөштүк ыкманы кароону жана техникалык-экономикалык негиздемени даярдоону тапшырган.
ББА Жаш Гвардия проспектиндеги тыгын көйгөйүн чечүү жолун сунуштады. Эскиз