БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жерге ири астероид жакындап келе жатат. Ал 4-мартта планетабыздын жанынан учуп өтөт. Бул тууралуу "Роскосмос" Telegram каналы аркылуу маалымдады.
Билдирмеге караганда, 138971 (2001 CB21) деп аталган объектинин диаметри 1,3 чакырымга чукул. Бул Эйфель мунарасынан төрт эсеге чоң. "Роскосмос" астероиддин учуп өтүү анимациясын жарыялаганын "Известия" басылмасы жазды.
"Окумуштуулар бул астероидди кооптуу деп эсептешет. Бирок ал Жерден 4,8 миллион чакырым алыстыкта өткөндүктөн биздин планета менен кагылышпайт", — деп жазылат корпорациянын маалыматында.
Анимацияны Россиянын Илимдер академиясынын кызматкерлери 40 сантиметрлик телескоптун жардамы менен жасашканы айтылды.