БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстан мамлекеттин тышкы карызын валютанын алты түрү менен төлөйт. Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде жазылган.
Быйылкы жылы тышкы карызды төлөөдө божомолдонгон валюта структурасы:
доллар — 81 пайыз;
Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражаты — 10,3 пайыз.
евро — 5,3 пайыз;
япон йенасы — 4,3 пайыз;
юань — 0,6 пайыз;
Түштүк Корея вону — 0,3 пайыз.
"Доллардын сомго болгон алмаштыруу курсу өсүп кетсе, ошондой эле башка валютанын (евро, йена, юань) долларга кросс-курсу кымбаттап кетсе, тышкы карызды төлөө үчүн бюджеттик каражаттан акча жетпей калуу тобокелчилиги бар", — деп жазылган маалыматта.
Бул жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Анын ичинен 26 миллиард 681,5 миллиону тышкы карызга бөлүнөт.
2021-жылдын октябрь айынын этегиндеги маалымат боюнча, Кыргызстандын карызынын көлөмү 4,9 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен 4,1 миллиард доллары — тышкы карыз.