Жогорку билимдүү. 1984-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун, 1996-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1984-1990 — Түштүк станок куруу конструктордук-технологиялык бюродо конструктор-технолог;
1990, апрель-август — Ленин атындагы станок куруу заводунда бөлүм башчы;
1990-1994 — Илимдер академиясынын "Адис" илимий-техникалык чыгармачыл жаштар борборунун директору;
1991-1996 — "АС" фирмасынын директору;
1997-1999 — "Бекташ" дыйкан чарбасынын юристи;
1999-2000 — "Орион" ЖЧКсынын юристи;
2000-2002 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасында консультант;
2002-2008 — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү;
2004 — "Электорат" коомдук фондунун төрагасы;
2010-2011 ― Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы;
2020-2021 ― Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү.