Жоомартова Рыскан Абдиевна — өмүр баяны

Рыскан Жоомартова 1965-жылы 12-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Тунук айылында туулган.
Sputnik
Алматы индустриалдык техникумун "эмерек өндүрүшүнүн технологу" адистиги боюнча бүтүргөн. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетине тапшырган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1987-1988 ― эмерек жасаган ишканада станокчу;
1988 ― Фрунзе шаардык саламаттык сактоо башкармалыгында жыйнап тазалоочу;
1988 ― "Стройиндустрия" өндүрүштүк бирикмесинде жыгач иштетүүчү станоктун оператору;
1989 ― Саламаттык сактоо министрлигине караштуу 4-борбордук ооруканада катчы, ушул эле жылы аталган оорукананын аймактык бейтапканасына катчы болуп которулган;
1989-1994 ― Фрунзедеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жыйнап тазалоочу;
2005 — Чүй университетинин гуманитардык илимдер кафедрасында окутуучу;
2006-2008 ― Жусуп Баласагын атындагы КУУнун социалдык илимдер институтунун психология кафедрасында окутуучу;
2010 ― Жусуп Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык факультетинин психология кафедрасында ага окутуучу;
2018-жылы "Ырыс" продакшн студиясын негиздеген;
2021-жылы "Октябрь" кинотеатрынын директору болуп дайындалган.
Рыскан Жоомартова бир нече тасмага режиссёрлук кылып роль жараткан, продюсер.
Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.