Ошто Ата мекенди коргоо күнүнө карата волейбол турнири өтөт. Катышуу шарты

Мелдеш эркектер арасында 18-19-февраль күндөрү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ош шаарында Ата мекенди коргоо күнүнө карата волейбол боюнча турнир уюштурулат. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш эркектер арасында 18-19-февраль күндөрү "Кыргызстант — Иран" достук спорт комплексинде өтөт.
Командалар үч топко бөлүнөт:
Шаардык жана муниципалдык ишкана, кызматтардын, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн, саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын кызматкерлери, шаардын жай тургундары;
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, колледждердин мугалимдери;
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, колледждердин студенттери.
Турнирге катышуу үчүн Шаардык дене тарбия жана спорт комитетине 18-февралга чейин табыштама берүү шарт.
Спорттук иш-чаранын максаты — республикалык жана эл аралык мелдештерге алып баруу үчүн Ош шаарындагы мыкты волейболчуларды тандап алуу. Ошондой эле сергек жашоо образын жана спортту пропагандалоо, майрамдык маанай тартуулоо максатын көздөйт.
Айсулуу, Эрназар баштаган балбандар Түркиядагы эл аралык турнирге катышат