Нуньес менен үчүнчү беттешке чыгабы? Шевченко шартын түшүндүрдү

Шевченконун эки жолку атаандашы Аманда Нуньес 2021-жылы чемпиондук курунан тышкары, мыкты спортчулардын рейтингиндеги ордун жоготуп алган. Ал беттешке Жулианна Пенья менен чыгып, утулуп калган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) кыргызстандык Валентина Шевченко мурдагы атаандашы Аманда Нуньес менен кандай шартта үчүнчү ирет беттешке чыгышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Sun Sport жазды.
"Менимче, Аманда Жулианна Пеньядан өч алгысы келип турат. Андыктан Нуньес менен Пеньянын ортосунда бир беттеш болору талашсыз", — деди кыргызстандык.
Анын айтымында, Аманда жакшылап кам көрсө өз макамын кайтарып алышы толук мүмкүн.
"Демек, мен экөөбүздүн үчүнчү беттешибизге кам көрүшүм керек", — деди Шевченко.
Эске салсак, планетадагы эң күчтүү спортчу кыздардын бири Аманда Нуньес 2021-жылы чемпиондук курунан тышкары, мыкты спортчулардын рейтингиндеги ордун жоготуп алган. Ал беттешке Жулианна Пенья менен чыгып, утулуп калган эле.
Бразилиялык спортчу 2015-жылдан бери спортто ийгиликтерди багындырып келе жаткан.
Антонина Шевченконун UFC уюмундагы кийинки атаандашы белгилүү болду