Мурдагы экономика министри өзүнүн кулинардык YouTube каналын ачты. Видео

Видеодон Панкратов палоо, казанга куурулган картошка сыяктуу тамактарды өзү жасаганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы экономика министри Олег Панкратов "На кухне у Михалыча" аттуу өзүнүн кулинардык YouTube каналын ачты.
Маалым болгондой, кулинардык канал анын атасынын атынан коюлган.
"Бул жакта биз маанай көтөргөнчө укмуштуудай даамдуу тамактарды даярдайбыз. Мында кызыктуу жана текшерилген гана рецептер", — деп жазылган каналда.
Видеодон тамактарды Панкратовдун өзү жасаганын көрүүгө болот. Ал ар бир тамак-аштын кандай даярдала турганын айтып, көрсөтүп, кеңештери менен бөлүшкөн. Видеороликтер бир нече күн сайын жаңыланып турат. Баш-аягы 20дай видео чыккан.
Азырынча Панкратовдун колдонуучулары анча көп эмес. Канал иштеп баштагандан (2021-жыл, декабрь) бери ага 335 адам жазылган.
Белгилей кетсек, Панкратов экономика министри, вице-премьер-министр жана бир катар өкмөт башчылардын кеңешчиси болгон. Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын министри болуп да эмгектенген. Ал кызматтан былтыркы жылдын июль айында кеткен.
"Кондитердин" жеңүүчүсү Анара: миллион рублди эмнеге короторумду чечтим