Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украинаны куткарабы? Сереп

Сергей Шойгу британиялык кесиптеши Бен Уоллес менен кезиккен маалда Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба Киев Москвадан “Украинанын аймагына чектеш райондордогу жана убактылуу оккупацияланган Крымдагы аскерий ишмердиги боюнча кеңири түшүндүрүүнү” талап кылганын айтты.
Sputnik
Ага удаа эле АКШдан Японияга чейинки бир топ мамлекеттер өз жарандарын Украина аймагынан чыгып кетүүгө чакырды. Мындай жоруктардын баары узаган аптанын аягында старт алды. Атап айтканда Парижде өткөн саясий кеңешчилердин “Норманд форматындагы” кезектеги жолугушуусунан көп өтпөй башталганын баамдаган эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис. Анын геосаясий айдыңдагы жагдай туурасындагы учкай макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Күтүлгөндөй эле сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыккан жок. Анын жыйынтыгына карата Дмитрий Козак “Минск процессинин” үзгүлтүккө учурашына жоопкерчилик Украина менен Батышка жүктөлөрүн айтат. Жалпысынан россиялык делегациянын башчысы түзүлгөн кырдаалга кыйла катаал сыпаттады. Ал жаңжалды жөнгө салууда эч кандай жылыш жоктугун, келишимге кол коюлгандан берки жети жыл текке кеткенин белгиледи.
Туура жети жыл илгери да, тагыраак, 2015-жылдын 11-февралынан 12сине караган түнү Минскиде Ангела Меркель менен Франсуа Олланддын сүйлөшүүлөрүндө Россия тараптан дасыккан юрист катышып, документ ушунчалык бир өңчөй түзүлгөнүн айткан эле...
Кезектеги жолугушуунун жыйынтыгын катышуучулардын баары начар баалаганы менен таптакыр эле сүйлөшүү жок дешке болбостур. Тогуз саатка созулганы эле кантсе да кандайдыр бир талкуу жүргөнүн айгинелейт. Болбосо тараптар ортосунда кебелбес “дубал орнотуп” алып, сүйлөшүүгө анчейин көңүлсүнбөгөн учурда адатта мындай иш-чаралардын башталганынан бүткөнү бат эмеспи.
Украина бийлиги кээде “россиялык кол салуу” планын караманча танып, андай ойдон тайгандай кайра Москваны агрессиялык камылга көрүп жатат деп айыптап, көп өтпөй чыңалууну жайгарууга далбастап, кайра туруп ачык эле чагымчылдыктары менен чыга калат. Ошол эле учурда чектешкен чийинде толук жымжырттык.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй: Путин менен Байден Украина — Россия чек арасындагы кырдаалды талкуулады
Түпкүрүндө ири согуштук жаңжал экономикалык, ички жана геосаясий көйгөйлөргө тушуккан Кошмо Штаттар менен Улуу Британияга гана зарыл. Алар кан төгүлчү жаңжалга үчүнчү өлкөлөрдү тукура калып, өз көйгөйлөрүн ушундай – мурда далай ирет сыналган ыкмалар менен чечүүгө тырышат. Жөн жерден кампания уюштура калып, кырдаалды ырбатып турган дал ушулар экени үч айдан ашуун убакыттан берки маалыматтарда байма-бай айтылат. Алардан бөлөк эч ким – Россия да, Батыш Европа да, Украина да согушка таптакыр кызыкдар эмес.
Кокус согуш оту тутанып кете турган болсо, бул Киевди толук масштабдуу кырсыкка кептеп, украиналык элитанын басымдуу бөлүгүн толук кыйратат. Алар үлкөндөрдүн ортосунда курмандыкка чалынып каларын даана түшүнүп турушат. Бирок чындыгында алар Батыштан абдан көз каранды. Буга канча айдан бери алар океан ар жагынан келген ар бир тапшырманы өлкө коопсуздугун садага чаап аткарып жатканы айкын далил. Ошол эле убакта жеке кызыкчылыктарын коргоп, Россия менен чыңалууну да басаңдатууга далбасташат. Ал эми англосакстардын бул багыттагы көшөргөн аракеттерине, анын ичинде АКШ жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырыктарына караганда алар көздөгөнүнө жетүү үчүн баарына барышат өңдөнөт.
Эми Украина жана бийлигинин тагдыры сателиттерди куткаруу үчүн кенже өнөктөштөрүн отко түртүүдөн артка тартпаган Вашингтондун кыйратуучу, чагымчыл жана согуш отун тутантчудай аракеттерине Россиянын кандай жооп кайтарарына жараша чечилет окшоп калды. Геосаясий жактан АКШга ыктаган башка постсоветтик өлкөлөргө да украиналык тажрыйбадан сабак алганы пайдалуу болчудай.
Батыштын саясатын илгиртпей сезип... Путиндин тактикасы