Бейшенбаев Эдил Нурбекович — өмүр баяны

Эдил Бейшенбаев 1987-жылы 14-июнда Фрунзе шаарында туулган.
Sputnik
Жогорку билимдүү. 2009-жылы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын "финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган. 2020-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академиясынын дүйнөлүк экономика факультетинде магистратурада окуйт.
Эмгек жолу:
2007-2008 ― "Бакай Банк" ААКта өнүктүрүү боюнча менеджер;
2008 ― "Улуттук байкоо жүргүзүү борбору" коомдук фондунун аймактарды өнүктүрүү программасында котормочу, эксперт;
2009-2012 ― Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май райондук башкармалыгында жеке жактарды көзөмөлдөө секторунун салыктарды чогултуу бөлүмүндө улук инспектор;
2012-2013 ― Мамлекеттик салык кызматынын курамында спирт бар продуктулардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө башкармалыгында улук инспектор;
2013-жылдан бери Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук башкармалыгында салыктык текшерүүлөр секторунун улук инспектору;
2021-жылдын сентябрынан тартып КР президентине караштуу коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин аймактык өкүлү.
Кыргызстандын салык консультанттары палатасынын жана "Аудиторлор гильдиясы ассоциациясынын" мүчөсү. Салык кызматынын II даражадагы инспектору.