Атазов Шайлообек Карыбекович — өмүр баяны

Шайлообек Атазов 1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2001-жылы Ош технологиялык университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Sputnik
Эмгек жолу:
2007 ― Ош шаардык спорт комитетине караштуу №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;
2010 ― бокс жана оор атлетика боюнча мектептин директору;
2011 ― унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары дирекциясынын директору;
2012 ― Ош шаардык мэриясына караштуу "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы;
2013-2014 ― Жүргүнчү транспорту агенттигинин директору;
2010-2015 ― Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2018-жылдан бери Бишкек шаарындагы EREM спорт клубунун башкы машыктыруучусу;
2021-жылдын март айынан декабрь айына чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
Кикбокс боюнча өлкөнүн алты жолку чемпиону, дүйнө чемпиону. Эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү.