Радио

Кубатов: кыргызстандык альпинисттер Гималайга экспедицияга барат

Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов биринчи жолу кыргызстандык альпинисттер Гималайга улуттук экспедиция жасай тургандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын альпинисттер курама командасы жакында Гималайдагы деңиз деңгээлинен 8 156 метр бийиктикте турган Манаслу тоосуна барат. Бул тууралуу Эдуард Кубатов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эскпедиция Кыргызстанды таанытууга чоң өбөлгө түзүп, өлкөдөгү альпинизмди өнүктүрөт.
"Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы жаңы команданы түптөп, бул тармакты өнүктүрүү үчүн алдыда ири долбоорлор ишке ашат. Алардын катарында өлкө тарыхында алгачкы жолу кыргызстандык альпинисттер Гималайга улуттук экспедиция жасайт. Курама команда Гималайдагы деңиз деңгээлинен 8156 метр бийиктикте турган Манаслу деп аталган тоого барат. Улуттук экспедиция альпинизмди өнүктүрүүгө жана Кыргызстанды таанытууга жакшы өбөлгө болот",— деди Кубатов.
Ошондой эле адис Кыргызстандын альпинизм потенциалы абдан жогору болгону менен коопсуздук иштери чечиле электигин кошумчалады.