Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыда январь окуяларында көз жумгандар эскерилүүдө. Сүрөт

Январь айында болуп өткөн окуяларга туура 40 күн толду. Акыркы маалыматтар боюнча, анда 227 киши көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Алматы шаарында январь айындагы башаламандык учурунда көз жумгандарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Аны жарандык активисттер уюштурганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Аза күтүү митинги Республика аянтында өтүп, куран окуудан башталды. Эске салсак, январь айында болгон башаламандыкка туура 40 күн толду. Акыркы маалыматтар боюнча, анда 227 киши көз жумган.
Чогулган элдин арасынан Жанболат Мамай, Булат Абилов сыяктуу коомдук ишмерлерди көрүүгө болот. Алар башаламандыкты уюштурууга шектелип кармалгандарга карата зомбулук көрсөтүлбөсүн деп талап кылууда.
"Митингге чыккандар колуна ар кандай чакырыктар менен каза болгондордун сүрөттөрүн кармап алышкан. Айрым учурда алар абактагыларга колдоо катары "Эркиндик!" деп кыйкырып жатышат", — дейт Sputnik агенттигинин кабарчысы.
Митингге 100дөй адам чогулганы маалым болду.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы от күйгөн күндөр: Назарбаев, ЖККУ, атылбаган ок. Токаевдин маеги