Акеров Табылды Абдраманович — өмүр баяны

Табылды Акеров 1967-жылы 26-февралда Чүй облусунун Чүй районундагы Юрьевка айылында туулган.
Sputnik
Жогорку билимдүү. 1992-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "тарыхчы" адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Улуттук илимдер академиясынын Экономика жана саясат таануу институтунда аспирантураны аяктаган.
Эмгек жолу:
1984-1985 ― таш тизүүчү болуп иштеген;
1992-1998 ― Улуттук илимдер академиясынын Экономика жана саясат таануу институтунда илимий кызматкер;
1999-2000 ― Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматында референт;
2000-2004 ― Президенттин маалымат кызматында референт;
2004-2006 ― Президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүндө референт;
2008-жылдан тартып Кыргызстан эл аралык университетинин Этнология институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент;
2012-2013 ― Президентке караштуу "Мурас" фондунун башкаруучулугунун төрагасынын орун басары.