Түркмөнстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Кечээ түркмөн башчы "пайгамбар жашына барып калганын" жана мамлекетти башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркмөнстанда быйыл 12-мартта кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.
Бир аз мурда парламенттин жогорку палатасы Калк Маслахатынын жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов мамлекетти башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирген болчу. Түркмөн ЖМКлары буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына президенттик шайлоого даярдануу тапшырмасы берилгенин маалымдады.
"Түркмөнстандын президентинин тапшырмасына ылайык, Боршайком президентти кезексиз шайлоого даярдык көрүүнү баштады", — деп билдирген РИА Новостиге түркмөн БШКсынын башчысынын жардамчысы.
Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2007-жылдын февралынан бери башкарып келе жатат.
Түркмөн башчысы Бердымухамедовдун жубайы алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Сүрөт