Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Туяк" рубрикасынын алкагында аны менен көрүнүктүү саясатчы жөнүндө маек курду.
— Турдакун Усубалиев элдин эсинде калган атактуу жетекчилердин бири. Тарыхчы катары айтсаңыз, ал кишинин феномени эмнеде?
— Чоң атам Турдакун Усубалиев республиканын башында турган 25 жылда өзүн майнаптуу жетекчи катары көрсөтө алган. Ал бийликке келген 1961-жылы Кыргызстандын айыл чарба, өнөр жай тармагы өнүгө албай, республика СССРдин бюджетинде дотацияда болчу. Ал эми 1975-76-жылдары Москвадан кошумча каражат албай калган. Анткени республикада баалуу, түстүү металл бар кендер иштетилип, электр энергиясы көп өндүрүлүп, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар чыгарылып, машина куруу, азык-түлүк, жеңил өнөр жай өлкө экономикасынын өнүккөн тармактарына айланган. Айыл чарбабыз болуп көрбөгөндөй секирик жасап, аны менен кошо ирригациялык түйүндөр салынып, суу объектилеринде курулуштар жүргөн. Аймактарда айыл-кыштактардын, шаарлардын саны өскөн. Билим берүү боюнча да алдыга озуп чыгып, республика кесиптик жана жогорку билим берүүнүн маанилүү борборуна айланган. Мындан башка толгон-токой жетишкендиктер болгон. Союз учурунда жетекчилердин сөзү эмес, жасаган иши бааланчу. Эгер союздук республикада жакшы көрсөткүчтөр, жылыштар болсо, жетекчилерди алмаштыруу зарылчылыгы болчу эмес. Ошондуктан чоң атам өлкөнүн тарыхында жыйынтык көргөзө билген саясатчы, мамлекеттик ишмер болуп калды.
— Чоң атаңыз 1985-жылы кызматтан кетип пенсияга чыкканда Коммунисттик партиянын катарынан чыгып калган учур болгон эле. Ошол кездеги жагдайды айта кетсеңиз.
— Чоң атамды каралоо кызматтан кеткенден кийин шак эле башталып кеткен жок. Пенсияга чыккандан бир жыл өткөн соң өлкөнүн жаңы жетекчиси ал кишини биринчи катчы болуп иштеп тургандагы иштери боюнча негизсиз күнөөлөп, жамандай баштаган. Алар Токтогул ГЭСи, борбор калаага жаңы өң-түс берүүдөн баштап жеке маселелерине чейин киришкен. Жадагалса, партиялык билетти тапшырсын дегенге чейин барышкан. Ошондо чоң атам "аны мага силер берген эмессиңер жана алып алчу да силер эмессиңер" деп жооп узаткан. Анткени чоң атам партияга 1941-жылы мүчө болгон. Бирок ага карабай аны партиянын мүчөлүгүнөн чыгарып, 1989-жылы гана мүчөлүгүн калыбына келтиришти. Ал киши ошол оор учурларга чыдап, негиздүү, негизсиз айыптоолорго жооп берип, өз чындыгын далилдеген. Качан гана союздук жана республикалык тиешелүү органдар Турдакун Усубалиевдин мамлекетке ири зыян алып келген чечимдерди кабыл албагандыгы аныкталганда гана куугунтук токтоду. Ошого карабай да аны көрө албагандар болгон. Алар азыр дагы бар, боло дагы берет.
— Чоң атаңыздын архивдик документтер менен көп иштегенин билебиз, айрымдарын сиз азыркыга чейин жарыялап жатасыз. Коомдук ишмердин жазмакерлиги "Советтик Кыргызстан" гезитинде иштеп жүргөндөн калган го?
— Чоң атам өтө эмгекчил эле. Ал мамлекеттик кызмат менен публицистикалык ишмердүүлүгүн бирге алып жүрдү. Анткени чоң атам мамлекеттик жогорку кызматка келгенге чейин Компартиянын борбордук комитетинин үгүт бөлүмүнүн кызматкери болуп, кийин "Советтик Кыргызстан" гезитин башкы редактору болгон. Биринчи катчы болуп турган жылдары да өлкөнүн тарыхы, Кыргыз ССРинин өндүрүшү, партиялык курулуш жана башка түрдүү эмгектерди жазган. 1985-1993-жылдары архивдик документтер менен көп иштеп, өзүнүн, замандаштарынын абийир, ар-намысын коргоду. Ал жылдары биз бир үйдө жашачубуз. Апам Нургүл Керимбекова чоң атамдын билдирүүлөрүн, каттарын машинкага терчү. Биз ошолордун баарын көрүп калдык.
1993-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда 11 томдук эскерүү эмгеги жарыкка чыккан. Андан сырткары, гидроэнергетика, саясат, экономика тууралуу илимий макалаларды жазып турган.
— СССРдин ыдырап, ар бир республика өз алдынча кеткенин союздун кишилери оор кабыл алганын билебиз. Турдакун Усубалиев деле башаламандык өкүм сүргөн 90-жылдарды көрүп кейисе керек?
— Ооба. СССРдин кыйрашын кыргызстандыктардын бир мууну оор кабыл алды. Алардын арасында чоң атам да бар эле. Андан кийин ар бир републикада болгон окуяларга, процесстерге ал киши катуу кейиди, аны сөз менен азыр жеткирүү мүмкүн эмес. Өлкөдө завод, фабрика, өндүрүш жабылып, уюм же мекеменин жоюлуп же ишин токтотуп жатканын укканда ачууланып, маанайы түшүп, көңүлү чөкчү. Айрым учурда катуу да айтып жиберчү. Бир муундагы адамдар, замандаштар, жөнөкөй жумушчулар, эмгекчилер өз учурунда курган, салган эмгектери көз алдында талкаланып, тонолгондо жаны кейип кетчү. Ачуусу келгенде "Кыргызстан Африка өлкөлөрүнө айланып бара жатат" дечү. 70-80-жылдары Борбордук жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө барып калганда ал жактагы абалды өз көзү менен көргөн да. Ошол учурда алар да эч нерсе өндүрбөй, жөн гана транзиттик товарлар менен соода кылышчу экен.
— Кыргызды чейрек кылым башкарган коомдук ишмерден кийин эгемендүүлүк жылдары эл башында тургандар, жогорку кызматты аркалагандар келип кеп-кеңеш сурап турушчу беле?
— Турдакун Усубалиев 1993-2005-жылдар аралыгында эл өкүлү болуп, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын кадыр-барктуу, таасирлүү депутаты боло алды. Президент, өкмөт, башка парламентарийлер кеңеш сурап, тигил же бул маанилүү маселе боюнча анын ой-пикирин билгенге аракет кылчу. Ал 1993-жылы Конституция талкууланып жатканда орус тилинин макамын бекитүүнү сунуштаганда көптөр катуу сындашкан. Кийин "Суу жөнүндө" мыйзамды сунуштады, Кара-Кечеге темир жол курууну демилгелеген.
— Турдакун Усбалиев эмнеге өкүнүп калчу эле?
— Өмүрүнүн акыркы жылдарын өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жакындары, туугандары менен болгонго аракет кылды. Ошол убакта дагы өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып, дайым маалымдар болуп турчу. Ал киши Камбар-Ата каскадындагы гидроэнергетикалык станциялардын курулушун аяктай албай калганына өкүнүп жүрдү. Негизи союз учурундагы план боюнча, Нарын дарыясына жалпы 26 ГЭС куруу пландалган экен. Ал киши ошолор салынып калганда Кыргызстан башкаларга көз каранды болбой, саясий жактан Борбор Азия чөлкөмүндө өзүнүн салмактуу ордун ээлемек деп калчу.
— Турдакун Усубалиев үйдө кандай ата, чоң ата эле. Неберелери менен кандай мамиледе болгон?
— Өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган адам жашоосундагы көп нерсени садага чабууга аргасыз экен. Чоң атам ишинин көптүгүнөн үй-бүлөсүнө, жакындарына көп убакыт бөлө алчу эмес. Республиканын башында турган инсанды үйдөн эртең менен эле көрчүбүз. Кээде эмгек эргүүсүн алганда, дем алыш күндөрү чогуу болуп калчубуз. Бул күндөрү ал уул-кыздары, неберелери менен болууга аракет кылчу. Мындай мүмкүнчүлүк биздин үй-бүлө үчүн бакыт эле. Чоң атам менен чоң энем эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрдү. Тун уулу Сыргак узак жылдар бою Кара-Балта тоо-кен комбинатынын профсоюзун жетектеп, кийин ишкерлик менен алектенди. Кызы Бермет Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде, Улуттук банкта эмгектенди. Кичүү уулу, менин атам Есенкул Кыргыз улуттук университетинде проректор болуп, андан соң билим берүү тармагында жетектөөчү кызматтарды аркалаган.
Чоң атам билим алууну баарынан жогору коюп, жашоодо адам ар дайым жаңы маалыматтарды алып, бир нерсени окуп, изденип жүрүшү керек дечү. Өзү да көп окуп, бизди да ошого көндүргөн. Неберелерине талапты катуу койчу. Ошол эле маалда биздин сөзүбүздү көңүл буруп угуп, жетишкендик, ийгиликтерибизди сурап, жашоого керектүү кеп-кеңештерин айткан жайы бар эле. Мисалы, мен Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер университетинде окуп жүргөндө экөөбүз мамлекет жана саясат жөнүндө кеңири баарлашчубуз. Ушундай мүмкүнчүлүк болгонуна тагдырыма ыразымын.