Статком Кыргызстанда ар бир адамдын колунда канча акчасы бар экенин эсептеди

Статкомдун маалыматына ылайык, өлкөдө бир айдын аралыгында ар бир адамдын колунда 6 511 сом болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстан калкынын номиналдык акчалай кирешеси өткөн жылдын январь-сентябрь айыларына карата 397 миллиард сомду түздү. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Аталган сумманын ичинен 66,8 пайызы — иштеген жеринен эмгек акы катары алган киреше. Ал эми социалдык трансферттер (пенсия, жөлөк пул) 14,8, жеке чарбалардан түшкөн киреше 13,7 жана башка акчалай түшүүлөр 4,7 пайызды түзөт.
Мунун негизинде Статком өлкөдө бир айдын аралыгында ар бир адамдын колунда 6 511 сом болорун эсептеп чыккан.
Садыр Жапаров: бюджеттик сферадагы кызматкерлердин айлыгы 1-апрелде көтөрүлөт