Сокулукта калкты тейлөөчү дагы бир борбор ачылды. Сүрөт

Жаңы мекемеде күнүнө орто эсеп менен 250дөй жаран тейлене турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында калкты тейлөөчү дагы бир борбор ачылды. Бул туурасында Санариптик өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында калкты тейлөөчү дагы бир борбор ачылды

2 / 3

Мекеменин аянты 122 чарчы метрди түзөт

3 / 3

Ага заманбап жабдуулар, видео байкоо орнотулган, элди электрондук кезек менен тейлешмекчи

Мекеменин аянты 122 чарчы метрди түзөт. Ага заманбап жабдуулар, видео байкоо орнотулган, элди электрондук кезек менен тейлешмекчи.
"Сокулук районунда 200 миң адам жашай турганын эске алуу менен калкты тейлеген экинчи борбор ачылып жатат. Күнүнө орто эсеп менен 250гө жакын жаран тейленет. Андан сырткары, калктын жарандык абалынын актыларын каттоо боюнча бардык кызматтар көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Калкты тейлөө борбору Фрунзе көчөсү, 278 (Байланыш бөлүмүнүн имаратында) дарегинде жайгашкан.
Калкты жана турак жай фондун каттоо алгач ирет электрондук түрдө өткөрүлөт