БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстандан сыртка 562 миллион 770 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Мында жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу жиберген каражаты гана эсептелген. Бул көрсөткүч мурдагы жылдагы суммадан 74,5 миллион долларга көп.
2005-жылдан берки цифраларды алсак, анда былтыркы жылдыкы рекорд болуп эсептелет:
2021 — 562,8 миллион доллар;
2020 — 554,6 миллион доллар;
2019 — 542,3 миллион доллар.
Башка жылдары көрсөткүчтөр 500 миллион доллардан аз болчу.