COVID: төрт бейтап каза таап, 81 адам ооруду. 12-февралдын маалыматы

Каза болгон бейтаптын үчөө Бишкектен, бирөө Ысык-Көлдөн катталды. Жалпы көз жумгандар ушуну менен 2 924 адам болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 12-февралга карата коронавирус инфекциясы 81 адамдан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 41;
Чүй — 34;
Ош — 2;
Нарын — 2;
Ысык-Көл — 1;
Баткен — 1.
Пандемиядан бери жалпысынан 199 971 адам ооруду.
Тилекке каршы, өткөн суткада төрт киши ооруну жеңе албай калды. Каза болгон бейтаптын үчөө Бишкектен, бирөө Ысык-Көлдөн катталды. Жалпы көз жумгандар ушуну менен 2 924 киши болду.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 265 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылган. Жалпы айыккандардын саны 192 497 болду.
Бүгүнкү күндө республика боюнча стационарларда 553 адам жатат. Анын ичинен 264ү орточо, 237си оор жана 51и өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 2 439 бейтап бар.
COVID-19га байланыштуу Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрөт