Кыргыз ишкерлери ЕЭК министри менен казак чек арасындагы көйгөйдү талкуулады

Жолугушуу ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин башчысы Данил Ибраевдин чакыруусу менен уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын министри Сергей Глазьевдин катышуусунда жолугушуу өттү.
Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын министри Сергей Глазьевдин катышуусунда жолугушуу өттү
Иш-чара Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти — ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин башчысы Данил Ибраевдин чакыруусу менен уюштурулган.
Тараптар интеграциялык жолдордогу барьер жана чектөөлөрдү жоюу, кыргыз-казак чек арасынан товар өткөрүүдөгү кыйынчылыктар маселесин талкуулашкан. Ошондой эле 26-майга белгиленген биринчи Евразия экономикалык форумунун тематикасын кароо, ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөр ортосундагы бизнес-алака тууралуу кеп козголгон.
Аталган уюм Ибраевдин 7-февраль күнү Москвада ЕЭКтин төрагасы Михаил Мясникович жана башка бир катар ЕЭК министрлери менен жолукканын кошумчалады.
1 / 2

Аталган уюм Ибраев 7-февраль күнү Москвада ЕЭКтин төрагасы Михаил Мясникович жана башка бир катар ЕЭК министрлери менен жолукканын кошумчалады

2 / 2

Сапардын алкагында Кытай, Түштүк Корея, Вьетнам, Европа биримдиги жана башка өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкуулаган

Сапардын алкагында Кытай, Түштүк Корея, Вьетнам, Европа биримдиги жана башка өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкуулаган. Мындан сырткары инвестиция тартуу, продукциялар үчүн кооперацияларды уюштуруу маселелери ортого салынганы кабарланды.
Садыр Жапаров ЕЭК министри Сергей Глазьевди кабыл алды. Талкууланган маселелер