Калкты жана турак жай фондун каттоо алгач ирет электрондук түрдө өткөрүлөт

Өкмөттүн өкүлү Арзыбек Кожошев Улуттук статистика комитетине калкты каттоону өткөрүү, статистиканы мындан ары өркүндөтүү ишин күчөтүүнү тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Калкты жана турак жай фондун каттоо алгач ирет электрондук түрдө өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кожошев Статистика боюнча улуттук комитеттин коллегиясына катышкан. Анын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылдагы пландары тууралуу маалымат берген.
Кожошев өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу өнүгүүсү расмий статистикалык маалыматтарды өз убагында алуу жана талдоо зарылчылыгы менен байланыштуу экенин белгилеген.
Ал былтыр 22-октябрда 2022-жылы калкты каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салган.
"Алдыдагы калкты жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу каттоочулар тарабынан мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт. Бул республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны тийиштүү деңгээлде жүргүзүп алышыбыз керек", — деген министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Жыйындын соңунда өкмөттүн өкүлү калкты каттоону өткөрүү, статистиканы мындан ары өркүндөтүү, анын ичинде улуттук статистикалык системаны санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырган.
Мындан сырткары, ведомствонун иштен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине министрлер кабинетинин атынан алкыш каттарын ыйгарган.
Радио
Тукашова: эл каттоодо эч кандай документ талап кылынбайт