Өкмөт жеке өнөктөштүк аркылуу күрөш боюнча спорт зал кура турган болду

Бул зал түрдүү мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталып, заманбап шарттары менен курулат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында күрөшкө ылайыкташкан, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт зал курулат. Бул туурасында Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган спорт залды "Гермес Логистик" компаниясы салмакчы.
"Долбоор мамлекетке кошумча киреше алып келет. Ошону менен бирге эле заманбап шарттары менен курулган мекеме түрдүү мелдештерди өткөрүүдө өлкөнүн беделин жогорулатууга көмөкчү болот. Курулушту каржылоо жеке өнөктөштүн эсебинен жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик жеке өнөктөш конкурстун негизинде тандалып алынганын кошумчалады.
Кыргыз мушкери энеси ооруп жаткан тажик спортчусуна гонорарынын жарымын берди. Видео
Садыр Жапаров: Бишкекте 30 миң орундуу футбол стадионун салуу пландалууда