БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Дүйнөдө коронавирус пандемиясы азыр бүтпөйт. Анткени кийин COVID-19дун жаңы штаммдары пайда болушу толук ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
"Биз коронавирустун кантип өрчүп мутация болорун көрдүк. Бул вирустун адамды тынчсыздандырган дагы жаңы көптөгөн варианттары пайда болорун билебиз. Биз пандемиянын аягына али жете элекпиз", — деген Сваминатан.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус комплекстүү чара көргөн учурда COVID-19 пандемиясы 2022-жылы соңуна чыгышы мүмкүн экенин айткан. Ал эми Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун башчысы Александр Гинцбург коронавирус пандемиясы аякташ үчүн дүйнө жүзүндөгү калктын 80 пайызы эмделиши керектигин белгилеген.