Диетолог өпкөгө эң пайдалуу азыкты атады

Адистин айтымында, бул азык дем алуу системасын калыбына келтирип, өпкөнүн картаюусун да алдын алат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер-диетолог Михаил Гинзбург помидор өпкө үчүн эң пайдалуу азык экенин билдирди. Бул тууралуу "Известия" сайты жазды.
"Жок дегенде күнүнө эки помидор жеп туруу өпкөнүн иштешин тез калыбына келтирүүгө жардам берет", — деген адис.
Гинзбург мындай жыйынтыкка кытайлык окумуштуулардын изилдөөсү менен таанышып чыккандан кийин келген. Экспериментке тамеки чегип атып өпкөсүн жабыркаткан кишилер катышкан. Жыйынтыгында томат дем алуу системасын калыбына келтире турганы аныкталган.
Гинзбург помидор өпкөнүн картаюусун да алдын аларын кошумчалаган.
Лимон кошулган суунун кандай пайдасы бар? Нутрициологдун жообу