Бетонду сүзгөн. Ысык-Атада автокырсыктан 52 жаштагы эркек жана аял көз жумду. Сүрөт

Куткаруучулар көз жумгандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыктан эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыктан эки киши көз жумду
Каргаша Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолдун 51-чакырымында, Кең-Булуң айылы тарапта катталган.
Анда Ford Mondeo үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн. Каза болгондор 52 жаштагы аял менен эркек киши болгон.
Жерине Токмок шаарынан төрт куткаруучу тартылып, көз жумгандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
DAF менен кагышкан. Ысык-Атада кырсыктан 22 жаштагы жигит көз жумду. Сүрөт