Оюнчук тапанча такап... Бишкекте унаа жуучу жайды тоноду деген балдар кармалды

3-февралга караган түнү топтошкон балдар Достоевский көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кирип, ал жакта иштегендерге тапанча такап, кассадан акча жана телефон алып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте унаа жуучу жайды тоноду деген айып менен өспүрүмдөр кармалып, алардын баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, милицияга Ж.З. аттуу жаран кайрылып, белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 3-февралга караган түнү топтошкон балдар Достоевский көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайга кирип, ал жакта иштегендерге тапанча такап, кассадан акча жана телефон алып из жашырып кетишкен. Аталган факт Жазык кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү деп алты өспүрүмдү кармашты. Алардын үчөө 18 жашта болсо, калган үчөө 19, 17 жана 16 жаштагы балдар. Колго түшүрүлгөндөр тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин Октябрь райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, эки жакка чыкпоо талабы коюлганы кошумчаланды.
"Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр өз ыктыяры менен милицияга телефон менен оюнчук тапанчаны өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.
Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатат.
Бишкекте подъезддин алдында аялды муунтуп, кол салган шектүү кармалды