Бишкекте экзаменден кулаган 36 троллейбус айдоочу кайра сынак тапшырды

Сынактын суроолору айдоочулар тарабынан шаарда эң көп катталган эреже бузуулардын негизинде түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте троллейбус айдоочулары жол эрежелери боюнча экзамен тапшырышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, февраль айынын башында өткөн эки күндүк сынакка жалпы 267 айдоочу катышкан. Алардын ичинен 36 айдоочу тиешелүү баа ала албай экзаменден кулаган. Төрт адам жүйөлүү себептерден улам келген эмес.
Суроолор айдоочулар тарабынан шаарда эң көп катталган эреже бузуулардын негизинде түзүлгөн. Экзаменден жыгылгандарга кайра мүмкүнчүлүк берилип, жыйынтыгында бардык айдоочу ийгиликтүү өткөн. Иш-чаранын аягында инспекторлор айдоочулардын милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу катышуучуларга маалымат беришкен.
Автомектептерде окугандарга видеокөзөмөл жүргүзүлөт. ИИМдин сунушу