Метеорит сымал. Илон Масктын спутниктеринин жерге жетпей жарылган видеосу

Интернетте магниттик бороондон улам Starlink спутниктеринин абада күйгөн учуру видеого түшүп калган.
Sputnik
Американын SpaceX аэрокосмостук компаниясы өзүнүн сайтында https://www.spacex.com/updates/ магниттик бороондон улам 40тай Starlink интернет спутнигин жоготконун маалымдаган. Бул спутниктер орбитага 3-февралда учурулган.
Компания магниттик бороон атмосфераны ысытып жибергендиктен спутниктер ага туруштук бера албай, жерге жетпей жарылганын жазган. Маалым болгондой, орбитага көтөрүлгөн спутниктер башка аппараттарга тоскоолдук жаратпайт. Starlink конструкциясы жарылган учурда анын калдыктары жерге түшпөйт.