Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

ӨКМдин маалыматында жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Ага ылайык, жер титирөө кечээ, 10-февраль күнү, саат 14:44тө болгон.
Силкинүү Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында 3 балл болуп сезилген. Ал эми Сопу-Коргон, Жерге-Тал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында 3 балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелен айылында 3 балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жаздагы сел, жер көчкү: ӨКМ башчысы алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды