Былтыр Кыргызстанга мигранттар 2,8 млрд. доллар которгон

Өткөн жылы Кыргызстанга 2020-жылга салыштырмалуу 340 миллион долларга көбүрөөк акча келип түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 756 миллион 240 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.
2020-жылга салыштырмалуу которуулар 379 миллион долларга көбөйгөн. Бул ошол жылдын башында пандемиядан улам өнөктөш өлкөлөр чектөөлөрдү киргизгенине байланыштуу.
2021-жылдагы статистика тарыхтагы рекорддук көрсөткүч болгон. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы акча которуулар турат. Анда 2 миллиард 479,4 миллион доллар келип түшкөн.
Пресс-борбор
Кыргызстандыктар Түркиядан айына 100 млн. долларга зер буюмдарды сатып алат