Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев көз жумду

Убагында Куюн каймана аты менен беттештерге чыккан спортчу кикбокс боюнча дүйнөнүн жана Евразиянын чемпиону болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев 44 жашында көз жумду. Бул тууралуу КРдин Кикбоксинг федерациясы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
"Канатбек Сыдыгалиев көз жумду. Бул кикбоксинг коомчулугу үчүн чоң жоготуу", — деп жазылган постто.
Сыдыгалиевдин досу жана спорттук журналист Тахир Гафуров анын мыкты кикбоксчу эле эмес үй-бүлөсүнө камкор ата болгонун эскерип өткөн.
Канатбек Сыдыгалиев 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында туулган. Ал 1999-2004-жылдары кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону, Европа чемпионатынын коло байге ээси болуп, дүйнө чемпионаттарынан алтын, күмүш жана коло медалдарды алган. Ошондой эле дүйнө кубогун утуп, профессионалдар арасында Европа чемпиону аталган жана континеттер аралык чемпионатта биринчи орунду багындырган.
Рингде Куюн деген каймана ысымды алып жүргөн.
Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды