Чилде чыкылдайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

15-18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөй турганы айтылды. Жолдор тайгак, тоңголок болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 12-13-15-февралда аба ырайы өзгөрүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
12-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы божомолдонууда.
13-14-февралда түнкүсүн жана 15-февралда күндүз айрым жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.
15-18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7 градус суук болушу мүмкүн. Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө сууктун күчү түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз -3 градуска жетиши ыктымал. Ысык-Көлдө түнкүсүн -10…-15 градус, күндүз -2…-7 градус, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25 градус, күндүз -5…-10 градус суук болору божомолдонду.
Кар дагы жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы