БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...+4, Таласта -2...+3, Ош, Баткен облустарында +2...+7, Жалал-Абадда 0...+5, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын аймагында 0...-5 градус суук болот.
Бишкек менен Ошто күндүз жамгыр, кар, кечке маал кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +1... +3 жана Ошто +3...+5 градус болору болжолдонду.