Индияда күчтөп үйдө кармалган кыргызстандык кыз бошотулду

Мекендеш 2021-жылдын 30-декабрынан 2022-жылдын 9-январына чейин элчиликтин көзөмөлүндө болуп, андан соң Дели — Бишкек каттамы менен мекенге кайтарылган.
Sputnik
БИШКЕК,11-фев. — Sputnik. Индияда укук коргоо органдары белгисиз адамдар тарабынан күчтөп кармалып турган кыргызстандык кызды бошотту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 2021-жылдын декабрь айынын аягында ТИМдин ишеним телефонуна 22 жаштагы Д.В.П. аттуу Кыргызстандын жараны кайрылып, белгисиз адамдар аны Удайпур шаарындагы үйдө күчкө салып кармап турганын айткан. Элчилик бул тууралуу жергиликтүү милицияга кабар берип, кызга издөө жарыялаган.
"Кыргыз жараны Индияга Жаңы жылдын алдында таанышынын чакыруусу менен жергиликтүү мейманканага техникалык кызматкер болуп иштөө үчүн келгенин айткан. Алгач ал таанышы менен жашап, андан кийин Делиден 657 чакырым алыстыктагы Удайпурга жөнөтүлгөн. Ошондон тарта анын документтерин бербей, камакка алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, мекендеш 2021-жылдын 30-декабрынан 2022-жылдын 9-январына чейин элчиликтин көзөмөлүндө болуп, андан соң Дели — Бишкек каттамы менен мекенге кайтарылган.
Министрлик консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер пайда болгон учурда мекендештер Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышы керектигин эскертти.
АКШда атылган кыргызстандыктын өлүмү боюнча прокурордун чечими чыкты