Радио

Дөлөткелдиева: "Илимдеги кыздар" долбоорунун катышуучулары 20 миңге жетти

Балдарды коргоо борборунун коомчулук менен байланыш адиси Назгүл Дөлөткелдиева "Илимдеги кыздар" долбоору уланып жатканын белгиледи.
Sputnik
Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы 81 мектептин окуучулары жаңы кесиптер, STEM багытында билим алып, мастер-класстарга катышты. Бул тууралуу Назгүл Дөлөткелдиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында жыл аягына чейин катышуучулардын санын 30 миңге жеткирүү пландалууда.
"Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан негизделген "Илимдеги кыздар" долбоору уланууда. Программанын алкагында 15 жаштан 19 жашка чейинки окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырууга шарт түзүлөт. Долбоордун максаты — кыздарды илим, технология, инженерия жана математиканы түшүндүргөн STEM багытына тартуу. Учурда Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы 81 мектептин окуучулары жаңы кесиптер, онлайн-коопсуздук, STEM багытында билим алып, мастер-класстарга катышып жатышат. Долбоорго катышкан окуучулардын саны бүгүнкү күнү 20 миңге жетти", — деди Дөлөткелдиева.
Ошондой эле адис кыздар арасында илимди жайылтуу үчүн 3 миңден ашык ата-эне менен окутуулар жүргүзүлгөнүн кошумчалады.