Бакчадагыдай. Бишкектин үч мектебине окуучулар бут кийимин чечип кирет

Долбоордун максаты имарат ичинде тазалыкты сактоо, окуучуну өзүн алып жүрүү маданиятына жаштайынан көндүрүү болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ордо калаанын үч мектебинде бут кийим алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бут кийим алмаштыруу долбоору азыркы тапта Свердлов районундагы №21, Биринчи май районундагы №81 жана Ленин районундагы №84 орто мектептеринде иштеп жатат. Аларда шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан бут кийим үчүн шкафтар коюлуп, балдар мектепке бут кийимдерин бакчадагыдай алмаштырып киришет.
"Билим берүү жайларынын администрациялары ата-эне жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Демилгени ата-энелер колдоп, каршы пикир айтылган эмес", — деп жазылат маалыматта.
Долбоордун максаты имарат ичинде тазалыкты сактоо, окуучуну өзүн алып жүрүү маданиятына жаштайынан көндүрүү болуп саналат.
Министрлик: мектепке электрондук каттоо февралда эмес, апрелде башталат