"Бишкек башкы архитектура" эстелик орнотууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо

Мекеме мындай демилгени шаардын борбордук бөлүгүндө эстелик жана монументалдык такталардын көбөйүп кетиши менен байланыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" ордо калаадагы эстелик орнотууга мораторий киргизүүнү сунуштаганын ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме мындай демилгени шаардын борбордук бөлүгүндө эстелик жана монументалдык такталардын көбөйүп кетиши менен байланыштырууда.
"Албетте, көзү өтүп кеткен улуу инсандарды, мамлекеттик ишмерлерди эскерип туруш керек. Бирок ошол эле учурда шаардын көрүнүшүн да эске алуу керек. Азыркы тапта Бишкектин борбордук бөлүгүндө эстеликтер өтө көп. Муну эл да байкап, айтууда", — деп жазылат мекеменин маалыматында.
Ишкана бүгүнкү күнү Бишкекте 260 эстелик орнотулганын айтып, жыл сайын бул сан өсүп жатканын белгилеген.
"Маселен, бир эле Эркиндик проспектинде ар кандай 10 эстелик бар. Чүй проспектинде 12 эстелик орнотулган. Акыркы учурда анча белгилүү эмес, бирок өз ишмердүүлүгүнө эмгеги сиңген инсандарга эстелик орнотуу өтүнүчү менен көп адам кайрыла баштады. Айрымдар сапаты начар, даяр скульптураны алып келип Бишкектин бир жерине коюп берүүнү суранышат. Биз бардыгын түшүнөбүз, бирок буга чейин орнотулган эстеликтер да каралбай калып жатат. Аларды карап турган атайын мекеме жок", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам мекеме тийиштүү органдарга шаардын ортосуна жаңы скульптуралык объектилерди коюуну кыскартуу сунушу менен кайрылууну чечкен. Бул үчүн алар мораторий киргизүү керек деп эсептешет.
Пишпектин биринчи старостасы Терентьевдин үйү реконструкцияланат