Баары башкача! Жаратылышты сүйлөткөн ажайып 15 сүрөт

International Garden Photographer of the Year Competition 15 сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстан агенттиги сынакка дүйнөнүн ар бурчунан жөнөтүлгөн мыкты эмгектерди сунуштайт.
Sputnik
Баш байге Польшадан чыккан сүрөтчү Магдалена Васичекке берилген. Мыкты эмгеги үчүн ага 5 миң фунт ( 575 миң) берилип, анын жана башка жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Лондондогу Кью ботаникалык багына коюлат.
1 / 15

Гүлгө конгон көпөлөк. Бул баш байгени алган Магдалена Васичектин эмгеги.

2 / 15

Тоолорго атайын эле боёк төгүп койгондой. Деннис Фрейтестин бул сүрөтү (АКШ) "Жапайы гүлдөр" категориясында жеңүүчү деп табылды.

3 / 15

Керемет! Жанлук Бенини аттуу италиялык фотографтын бул эмгеги да мыкты деп табылган.

4 / 15

Ташты жарып чыккан өзгөчө кооз гүлдөр. Эмгекти кытайлык фотограф Хайлей Женга жараткан.

5 / 15

Кыштын соңу. Мындай аталыштагы вьетнамдык фотограф Хан буи Пунун эмгегин калыстар тобу жогору баалаган.

6 / 15

Фотограф Ян Гилмор (Улуу Британия) "Абстракция" категориясында жеңүүчү аталды

7 / 15

Табышмактуу жер. Фотограф Стюарт Шеп сүрөттү Гавай аралдарынан тарткан.

8 / 15

"Бактардын армиясы" деп аталган бул эмгек "Токой жана бактар" категориясында жеңүүчү болду. Аны италиялык сүрөтчү Луджи Руопполо тарткан.

9 / 15

Гүлдөгү чегиртке. Бул ажайып сүрөт адамга жакшы маанай гана тартуулайт. Эмгек америкалык Екатерина Леонтеге таандык.

10 / 15

Ал эми бул керемет Чилиде тартылган. Фотограф Гидж Вильямстын эмгегин калыстар тобу жогору баалаган.

11 / 15

Фотограф Божен Петровски тарткан сүрөт "Ажайып бакча" категориясында жеңүүчү болду

12 / 15

Ал эми британиялык Ингрид Поплевеллинин бул эмгеги "Портфолио" категориясында жеңген

13 / 15

Жаратылыштын керемети, ай. Муну фотограф Льюис Фарфакс Австралиядан тарткан.

14 / 15

Өзгөчө кооз, "сулуу" козу карындар. Сүрөт Тони Нортко таандык.

15 / 15

Бул сүрөт Англияда тартылган. Ал фотограф Ли Хоуделге жеңиш алып келген эмгек.

Тема боюнча:
Тамшандырган табигаттын эң мыкты 18 ирмеми
Кургакчылыктан боо түшкөн мал, бир сындырым нанга кубанган аялдар. Апта ирмеми
Кан кызыткан испан бийи. Өзгөчө мода көргөзмөсүнөн 15 сүрөт