АКШда атылган кыргызстандыктын өлүмү боюнча прокурордун чечими чыкты

Кыргызстандыкка полиция кызматкерлери бир нече жолу ок чыгарып, жыйынтыгында мекендеш көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК,11-фев. — Sputnik. АКШдагы Клинтон округунун прокурору Дэйв Строус Пенсильвания штатындагы Кыргызстандын жаранынын өлүмү боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Northcentralpa.com маалымат порталы жазды.
Эске салсак, 2021-жылы 5-октябрда Пенсильвания штатындагы Клинтон округунда тартип сакчылар 28 жаштагы кыргызстандыкты атып салышкан. Мекендеш трак-компаниядагы ишинен айдалгандан кийин үч миң доллар айлыгын ала албаганына ызаланып жүк ташуучу унааны айдап кеткени, кийин полициянын автосун какканы боюнча маалыматтар тараган.
Кыргызстандыкка полиция кызматкерлери бир нече жолу ок чыгарып, жыйынтыгында мекендеш көз жумган.
"Офицерлер ок чыгарган учурда өлүм коркунучунда турабыз деп ойлошкон", — деп жазылат чечимде.
Строус полиция кызматкерлери мыйзамдын алкагында иш кылган деген бүтүм чыгарган.

"Кыргызстан жаранынын өлүмү боюнча фактылар жана жагдайлар каралды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдын алкагында иш кылышкан жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт", — деп жазылат прокурордун чечиминде.

Буга чейин өлтүрүлгөн мекендештин тааныштары Нургазы үйдүн кичүүсү экенин, жаңы эле үйлөнгөнүн айтышкан.
АКШда атылган кыргызстандык. Каргашага чейинки окуянын видеосу тарады