Депутат Акбөкөн Таштанбековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Депутатка улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып тагылган.
Sputnik
БИШКЕК,11-фев. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.
Чечим 11-февралда чыккан.
Таштанбеков парламенттик шайлоого № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катышкан. Шайлоо бүткөн соң ага улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон болчу. 6-декабрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен талапкер кармалып, кийин УКМКнын тергөө абагына которулган. Андан соң Свердлов райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагынан чыгарылган.
УКМК Сооронбай Жээнбековдун кудасы Абжалиевди кармады