300-400 гектар жерди ижарага алып алган айыл өкмөттөр бар. Ал жерлерди мыйзамсыз кайра ижарага берип, пайда табышууда. Мындай пикирин Карыпбек Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлик каршылыктарга карабастан реформаны жүргүзүшү керек.
"Учурунда легендарлуу парламенттин депутаты, андан кийин айыл чарба министри болуп турганда жер бөлүштүрүү башталган. Ошондо Аскар Акаевдин Леонид Левитин деген кеңешчисинин сунушу менен жалпы айыл чарба жерлеринин 75 пайызы жеке менчикке берилип, 25 пайызы мамлекеттин керектөөсүнө калган. Ошол мамлекеттин карамагында калган жерлер тура бербеш үчүн фермерлерге убактылуу ижарага берилген. Бара-бара ал жерлердин көбүн айылдагы аткаминерлер, депутаттар, айыл өкмөттөр жана башкалар ижарага алып, аны кайра ижарага берип, мыйзамсыз пайда таап келишкен. Бир эле айыл өкмөттүн башчысы 300-450 гектар жерди чыгарып алып, бөлүп-бөлүп кайра ижарага берген учурлар кездешет. Мына ошолор элдин атына жамынып ызы-чуу салып, 309-токтомго каршы чыгууда. Анткени алар туруктуу пайдасынан кол жууп жатат. Мындай алганда элдин мамлекеттик фондунун жерин талашууга юридикалык укугу жок. Анткени учурунда эл өз үлүшүн алган", — деди Карыпбеков.
Ошондой эле ал мамлекеттин фондуна кайтарылган жерди максаттуу пайдалануу зарыл экенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында 309-токтом кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекет ижарага берген жерлерди кайтарып алып, айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берүүнү мерчемдөөдө. Учурда бул токтом коомчулукта кызуу талкууланып жатат.