Кыргызстандын ичинде илимге белгилүү болгон республикалык деңгээлдеги тарыхый баалуу аймактардын саны азырынча 583тү түзсө, ал эми жергиликтүү маанидеги 1 800дөй эстелик бар. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдан бери тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча активдүү иш жүрүп, жыл сайын 10-20 миң гектар археологиялык жерлер изилденип турат.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Мыйзамдын максаты — тарыхый-маданий мурас объектилердин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу. Ага ылайык, тарыхый ландшафтты бузарда, жадагалса бир түп бак тигерде дагы сөзсүз түрдө Маданият министрлигинен корутунду алуу зарыл. Былтыр 2021-жылы Кыргызстан жаңы Конституциясын кабыл алды. Анын 15-беренесинде тарыхый-маданий, археологиялык баалуу мурастар тууралуу пункт кошулду. Аталган жайлар өзгөчө коргоодогу объект жана мамлекеттин мүлкү деген статус алды", — деди Жолдошев.
Ал тарыхый жайлар антропогендик фактордон улам кыйрап жатканын, бул адамдарды аныктап, вандализмге чек коюу үчүн ачык асман музейин ачып, археологиялык аймактарды корукка алып, камераларды орнотуу керектигин кошумчалады.