Токтокожоев Таалайбек Самудинович — өмүр баяны

Таалайбек Токтокожоев 1968 жылы 12-августта Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун "инженер-гидротехник" адистиги боюнча бүтүргөн.
Sputnik
1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1987-1989 ― Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1992-1995 ― "Дастан" соода чөйрөсүндө экономист;
1995-1996 ― Мамлекеттик салык инспекциясынын Биринчи май райондук бөлүмүндө инспектор;
1999-2002 ― Финансы полициясында инспектор;
2003-2010 ― жеке ишкер;
2010-жылдан тартып "Элдик Кайрат" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
2019-жылдан тартып "Темир Тулпар" коомдук бирикмесинин төрагасы.