КР жарандарынын кылмышка тиешеси жок! ТИМ Подмосковьедеги окуя тууралуу

Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарын такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Подмосковьеде дүкөн тонолуп, сатуучусу өлтүрүлдү деген кылмышка кыргызстандыктардын тиешеси жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКларга Подмосковьедеги Истра шаарында төрт киши азык-түлүк саткан дүкөндү тоногондугу тууралуу маалымат тараган. Анда кылмышкерлер Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары экени жазылган. Маалыматта ошондой эле сабалган кассир каза таап, дагы эки адамдын ооруканага түшкөнү белгиленген.
"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган кылмыштуу окуяга кыргызстандыктардын тиешеси жок экенин билдирет", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик ЖМКларды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Түркияда бычакталган кыргызстандык кыз. ТИМ анын абалын айтты